УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 4 Га болгон "Эдельвейс-Тур" эс алуу зонасы мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, баалоо экспертизасынын корутундусуна ылайык, жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар жер тилкесинин баасы 16 млн 871 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, аталган жер тилкеси 2000-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчиси болуп турган  Равшан Жээнбеков менен аффилирленген жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталган.