Жогорку Кеңеш 14-марттагы жыйынында талаштуу “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алды. Документке 66 депутат “макул”, беш депутат “каршы” добуш берди.

Жыйында долбоор тууралуу бир да суроо берилген жок. Мыйзам долбоору эми президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда колдогон.