Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков Кыргызстанда батир ижара акылары Россиядагы мобилизацияга байланыштуу кымбатташы мүмкүндүгүн айтты. 

Ал Министрлер Кабинетин ижара акысын кымбаттатпоо боюнча чараларды көрүүгө чакырды. 

"Эсиңиздерде болсо, Россиядагы кырдаалдан улам көп жарандар биз жакка келип, анын айынан батирлердин ижара акысы 2-3 эсеге көтөрүлгөн. Жакында Россияда президенттик шайлоо болот. Эксперттердин пикирине караганда, кезектеги мобилизация болот. МинКаб мурдагыдай абал кайталанбашы үчүн чара көрүүгө тийиш", - деди Самаков.