Кыргызстанда аталар күнүн киргизүү керек. Мындай демилгени депутат Медербек Алиев Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрдү. 

Айтымында, бул демилге коомдун өнүгүшүндөгү атанын ролун жана салымын көрсөтөт, ал өз кезегинде үй-бүлөнү бекемдөө жана эркектердин үй-бүлөдөгү жоопкерчилигин жогорулатат. 

Ошондой эле депутат кыргыз элинин баалуулугундагы маанилүү жагдайларга токтолду. 

"Кыргыз элинин баалуулуктарынын бири улууларды урматтоо, кичүүгө ызаат кылууга негизделген. Элибиз дайыма кылымдарды карыткан салтына аяр мамиле жасап, даанышман, көрөгөч карыларын барктап келген. Ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө камкор аталарыбызга болгон сый жашайт. Элибиз улуу адамдарды жөн жерден "ата" деген сөздү кошуп аташкан эмес, мисалы Бакай ата, Манас ата ж.б. Ошондой эле жети ата деген түшүнүк бизде бар", - деди ал. 

Бул боюнча жазылган мыйзам - долбоору тууралуу айтып жатып Алиев кыргызда атанын балдарды тарбиялоодогу, үй-бүлөнү бекемдөөдөгү ролу өтө терең экенин белгиледи. 

"Баланын инсандык сапаттарынын калыптанышына ата чечүүчү роль ойнойт. Бул мыйзам долбоору атанын ролун баса белгилеп, аларга балдар, үй-бүлө жана коомчулук тарабынан терең ыраазычылыкты сезүүсүнө жардам берет", - деди. 

Айтымында, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Аталар күнү белгиленет. А Кыргызстанда бул күндү 15-мартка белгилөөнү сунуштады.