Диний-экстремисттик иштерге катышкандыгы үчүн Өзбекстан Республикасынын аймагында издөөдө жүргөн Өзбекстан Республикасынын жараны К.Ш.Т. Ош облусунда кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, атайын кызматтын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында, Ош облусунун аймагында Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун 1973-жылы туулган К.Ш.Т. аттуу жараны кармалды. Ал Өзбекстан Республикасынын аймагында диний-экстремисттик иштерге аралашкандыгы, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын конституциялык түзүлүшүнө кол салгандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
Учурда кармалган жаран КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №5 тергөө абагына киргизилди.