КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына № 2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округу жана № 9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КР Жогорку Кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга талапкерлерден арыздар түшүүдө. Бул тууралуу БШК билдирди.
Маалыматка караганда, өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде бир мандаттуу Кара-Суу шайлоо округу боюнча талапкер 1985-жылы туулган Ажимаматов Сталбек Асановичтен арыз түшкөн. Ал «Евразия Строй Групп»ЖЧКсынын директору.
Ушул эле шайлоо округу боюнча экинчи талапкер 1984-жылы туулган Орунбаев Турдубек Дүйшөнович. Ал жеке ишкер.
Шайлоо 2024-жылдын 28-апрелинде болот. Депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү 2024-жылдын 26-мартында аяктайт.