Парламент жыйынында депутат Айбек Алтынбеков Жогорку Кеңештин кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үй курууну сунуштады.
Ал Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан мугалимдерге, мигранттарга, дарыгерлерге ылдыйкы пайыз менен үй берилип жатканын белгиледи. Мындай жеңилдикти Жогорку Кеңештин кызматкерлери үчүн дагы колдонуу керектигин айтты.
"Мен Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу Жогорку Кеңештин аппаратынын турак жайга муктаж кызматкерлери үчүн парламентке узак мөөнөткө берилген жер тилкеге көп кабаттуу үй курууну сунуштайм. Алар мыйзам долбоору түшкөндөн баштап кабыл алынганга чейин активдүү иштешет, ошондуктан турак жай алууга аларда да мүмкүнчүлүк болушу керек. Кеп депутаттар тууралуу эмес, парламенттин кызматкерлери тууралуу болуп жатат", - деди Алтынбеков.