Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков Казакстан бийлигинин 1-июлдан тартып Кыргызстанда лицензияланган продукцияларды алып кирүүгө тыюу салуу аракетин сынга алды.
Депутат эгерде бул токтом күчүнө кирсе, Кыргызстандын экономикасына, бизнеске жана инвестицияга өтө чоң сокку урулат деп эсептейт.
Ошондой эле ал буга жооп катары Кыргызстан дагы тыюу салуу киргизсе болоорун белгиледи. "Бул боюнча профилдик мекемелердин маалыматын угушубуз керек", - деди Самаков.
Эске салсак, Казакстандын жогоруда айтылгандай ниети тууралуу КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев пикирин билдирген. "Казакстандын бул демилгесин болжолдуу деп айтууга болот. Долбоор ЕАЭБдин ички рыногунун иштешине тоскоолдук катары каралат. Биз бардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Аккредитациялоо боюнча абийирсиз субъекттерге каршы күрөшүү боюнча эки тараптан биргелешкен иш-аракеттер планына кол коюлду", - деген министр.