Бишкекте № 67 мектептин окуучусунан кургак учук аныкталды. Мындай маалыматты Бишкек мэриясы тастыктады.
Маалыматка караганда, 7-мартта №67 мектепке анда билим алган окуучулардын биринен кургак учук аныкталгандыгы боюнча санитардык билдирүү келип түшкөн.
Анын негизинде мектеп администрациясы тиешелүү класска жергиликтүү медициналык кызматкердин катышуусунда ата-энелер чогулушун өткөрдү.
Мектеп 11-мартта эки күнгө онлайн окууга өттү. 12-мартта мектепте тиешелүү санитардык тазалоо иштери жүргүзүлгөн.
Жогорудагы окуучу менен байланышта болгон классташтары жана мугалимдери үчүн рентген аппаратынан өтүү маселеси мектеп жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.