Кыргызстанда он жыл ичинде батирдин бир чарчы метринин наркы эки эсеге өскөнүн Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Эльдар Абакиров билдирди.
Ал мурда бир чарчы метр 500-600 доллар турса, азыр ал 1000 долларга чейин жеткенин белгиледи.
"Учурда Кыргызстанда 2,5 миллион чарчы метрге суроо-талап бар болсо, 1,2 миллион чарчы метр курулуп жатат. Батирлердин орточо аянты 70-80 чарчы метр болсо, анда 15 миң батир келип чыгат. Ошондо дагы 15-20 миң батир курууга туура келет. Менин депутат болгонума бир айга гана болду, бирок эми эле он чакты кайрылуу келип түштү, анда жарандар турак-жайга муктаж экенин жазып жатышат. Албетте, аларды Мамлекеттик ипотекалык компаниясына жөнөтөбүз, бирок компания бардык маселелерди чечип бере албайт, анын үстүнө кезек да абдан чоң. Албетте, биз арматура, цемент жана башка курулуш материалдарына болгон базар баасын өзгөртө албайбыз. Бирок мамлекет уруксат берүүчү документтерди алууга дагы бир бирдиктүү терезе түзүп койсо болот. Курулуш компаниялары мамлекеттик экспертиза мурда арыздарды он күндүн ичинде караганын айтышууда. Өрт коопсуздугу боюнча кызмат корутундуну эки айдын ичинде беришет, экология болсо беш айдын ичинде", - деди депутат.
Абакировдун айтымында, курулуш компаниялар Бишкекте электр энергияны тартып келүүдө көйгөй жоктугун, көптөгөн компаниялар иштегендиктен атаандаштык күчтүү экенин, ага жараша жеткиликтүү шарттарды жана бааларды тандап алууга мүмкүнчүлүк бардыгын айтышканын белгиледи.
Бирок депутаттын белгилешинче, бир үйдү электр энергиясына кошуу үчүн 2 миң 323 сом (1 чарчы метрине эсептелген сумма) төлөө керек. А агындыга кошулуу 2 миң 340 сом турат.
"Бишкексууканал" бааны 18 миң сомго чейин көтөүүнү пландап жатат. Башкача айтканда тарифтерди көтөрүү менен үйдү коммуналдык тейлөөлөргө кошуу 300-400 миң сомго жетет. Ага жараша батирдин чарчы метри дагы да кымбаттайт, бул турак-жайлуу болом деген элге кыйынчылык жаратат", - деди.