Кыргызстандын бир катар аймактарында жакшылык жана жамандыктарда ашыкча ысырапчылыкка жол бербөө максатында, аны кандай өткөрүү жол-жоболору аныкталып баштады. Мисалы, Кара-Кулжа районунун тургундары маркумга куран окутууда дасторконго нан, боорсок, шекерден башка даамдарды койбоо чечимин кабыл алышкан. Келгендерге палоо берилет же бешбермак жасалып, эт тартылат.
Ал эми Кара-Көл шаарындагылар көзү өткөн жакындарына кымбат баалуу таштардан жасалган эстеликтерди койбой турган болушкан. Анын ордуна бейит жанына маркумдун аты-жөнү жазылган тактайча орнотушат.
Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков бул аракеттер ысырапкорчулукту токтотууга жасалган кадам экенин белгиледи.
"Кыргызды - жакшылык - жамандыкта колдонгон ырым-жырымдар, адаттар, жөрөлгөлөрү эле кембагал кылат окшойт. Мигрант болуп жүргөн уул-кыздары жиберген акчага той кылышат. Кредит алып үйлөнүшөт. Ал эми жамандык болгондо, маркумду акыркы сапарга узатууда - эмне деген ысырапкорчулукка жол берилет?!
Көзү өткөндөргө эстелик тургузуп, дагы бир чыгым болушат. Мындай чыгымдар маркумга жардамы тийип, бейишке жолдомо бермек беле?
Кара- Көл шаарында элдер чогулуп, ыксыз чыгым кылбайлы деп, эстелик тургузуу адатын токтотушуптур.
Ал эми Кара-Кулжа районунун айрым айылдарында куран окуткандар жылкы союп, түрлөп дасторкон жасап убара болбойт экен. Коом мына ушинтип үлгү алып, тарбияланышы керек.
Президент Садыр Жапаров дагы ысырапкорчулукка каршы экенин көп жолу айтып келет. Көзү өткөн ата-энесине, уулуна деле кымбат баалуу таштардан эстелик тургузган эмес, тактайчага аты жөнүн жаздырган. Мүмкүнчүлүгү бар Президент ушундай кылып жаткандан кийин, эл дагы үлгү алыш керек деп ойлойм. Куру намыс менен чарпыла бергенди токтотсок", - деп жазды Орунбеков.