Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын жетекчилигинин ички саясий курсун ишке ашыруунун алкагында, уюшкан кылмыштуулукту жоюуга багытталган, уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо каналдарына бөгөт коюу боюнча активдүү иштерди улантылууда.

УКМК органы тарабынан такталгандай, жеке баюу жана көзөмөлгө алынган уюшкан кылмыштуу топту каржылоо максатында, К.Асанбек жасалма адамдар аркылуу, «Гранд Электроникс» ЖЧКсы менен «Кумтөр Голд Компани» ЖАК менен «Кумтөр» кенине тамак-аш жана тамактануу менен камсыздоо келишимин түзүшкөнү аныкталды.

«Гранд Электроникс» ЖЧКсынын «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтан алган каржылык кирешеси уюшкан кылмыштуулук менен байланышы бар «Гранд Электроникс Стафф» ЖЧКсына, андан кийин накталай акчага айлантылган жана К.Асанбектин жеке өзүнө өткөрүлүп берилген.

2024-жылдын 6-мартында, "Кылмыштуу чөйрөнү каржылоо" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, К.Асанбек көзөмөлдөп  башкарган коммерциялык фирмалардын жетекчилери Б.А.Б жана Х.Д.А. кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.