Бүгүн, 7-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасында баатыр энелер үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды. 

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева, Марлен Маматалиев.

Жыйында баяндама жасаган депутат Камила Талиева токтом долбоору КРнын Конституциясынын 19-беренесине ылайык баатыр энелердин жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында иштелип чыккан.

Тагыраагы, баатыр энелер үчүн ар айлык социалдык жөлөкпулдун өлчөмү жашоо минимумунун суммасынын үчтөн экисинен кем эмес көбөйтүү КРнын Министрлер кабинетине сунушталууда. Депутат белгилегендей көп балалуу энелерге пенсиясына кошумча беш миң сомдон төлөп туруу сунушталат, учурда алар миң сомдон гана кошумча акы алышат.

Талкуу учурунда депутат Мирлан Самыйкожо 7 балалуу баатыр энелерге пенсия курагына чейин кандай социалдык төлөмдөр берилерин жана жеңилдиктерди тактады.