Соцтармактарда Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү-майлоочу материалдар ташып бараткан унаалардын узун кезегинин видеосу жарыяланган. Аны менен күйүүчү-майлоочу майлардын контрабандасы токтогон жок деген ишарат билдирилген.
Буга байланыштуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирүү таратты.
"Видеодо чагылдырылган күйүүчү-майлоочу материалдарды ташыган автоунаалар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын кесип өтүшпөйт.
Тажикстанга күйүүчү-майлоочу материалдар эл аралык транзити системасынын алкагында үчүнчү өлкө тарабынан автотранспорттор аркылуу ишке ашырылат. Ал автотранспорттордун арасында Кыргыз Республикасында катталгандары да бар. Айдоочулар - жалданма жумушчулар. Ошондо, видеодо чагылдырылган күйүүчү-майлоочу материалдар жүктөлгөн автоунаалар үчүнчү өлкө тарабынан Тажикстанга Худжант-Канибадам жолу аркылуу баратышат. Бул жол Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын бойлой өтөт жана эки өлкө биргеликте пайдаланат", - деп айтылат маалыматта.