4-мартта Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

Документти сегиз депутат колдоп, экөө “каршы” добуш берди. Талкуунун жүрүшүндө депутат Камила Талиева бул мыйзам долбоору боюнча ар кандай пикирлер айтылып жатканын, бул боюнча парламенттик угуу өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Бекешев парламент депутаты катары соцтармактарда баракчасында шайлоочуларына маалымат берип турарын айтып, бул баракчалар ЖМКга киреби деп тактап сурады.

Депутаттын суроосуна маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министри Алтынбек Максүтов жооп берип, соцтармактардагы баракчалар маалымат каражаты болуп эсептелбесин билдирди.

Бекешев маалымат каражаттарынын иши кандай учурда токтотуларын тактап сурады.

Юстиция министрлигинин өкүлү массалык маалымат каражаты катары катталган маалымат каражаттары эки ирет эскертүүдөн соң, сот чечими менен жабыларын айтты.

Министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул аталган мыйзам ЖМКларды иреттөө, тактоо максатында гана демилгеленип жатканын айтып, фейк маалыматтар менен күрөшүү үчүн өзүнчө мыйзам бардыгын билдирди.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда 2740 ЖМК каттоодон өткөн. Сунушталып жаткан документ кабыл алынса, бардык медиалар кайра каттоодон өтүшү керек жана аны Юстиция министрлиги жүргүзөт. Медианы каттаттуу үчүн үч документ талап кылынат Алар: арыз берүү, ЖМК түзүү тууралуу маалымат жана чечим. ЖМК катары каттоодон өтүүдө анын каржылоо булагы так көрсөтүлүшү керек.