Кечөө айылда жашаган бир иниме жолугуп, бир топко чейин баарлаштык. Сөздөн сөз чыгып отуруп, сурап калдым: "Башка айыл өкмөткө кирипсиңер, эл эмне деп атат? Ыңгайсыздык болбойбу?" - деп...

Ал инимдин жообу сонун болду!

"Баягы эле айылда, өзүңүз көрүп жүргөн үйдө турам. Айдоо жер менчигимде. Малым өзүмдүкү. Мектеп боюнча маселем чыкса мектептин директору, завучу бар. Оору- сыркоо болсо ФАП бар, баягы эле райбольницага кайрылабыз. Өкмөт мурун берген, өзүбүз Союз кезинен бери колдонуп келген жайыттар өзүбүздө эле калды. Мурун Жайыт комитетке мал башына төлөгөн акчаны азыр айыл өкмөтүнө төлөп, жайыт билет алып, малды баягы эле жайытка чыгарып келебиз. Мал ооруса жеке ветеринар бар. Жерди айдатсак айыл өкмөтүндө мурун эле техсервис бар эле. Болбосо, жеке менчикке эле айдатып, септирип алабыз. Оруу-жыйуу деле ошондой. Сугат сууну деле колдонгон мурдагыдай, өзүбүз ыкташып, чыр-чатагы жок сугарып алабыз. Таза сууну акчасын төлөп коюп, колдонобуз водопровод менен. Эми айыл өкмөт " Тазалык" деген бир мекемени түздү, ага да акча төлөп коебуз, мусорду алып кетишет! Жолдорду болсо райондук ДЭУ карап атат, мурункудай эле..

- Справка, налогчу?

- Анын баарын телефон аркылуу эле алып калдык, налогду да телефон аркылуу эле төлөй баштадык... Маселе деле жок. Өтө зарыл, чечилбеген иш деле жок, болсо айыл өкмөткө чаап бара калабыз, ашып кетсе 5 км ге узарды айыл аймактын борбору..

- Анда эмне өзгөрдү?

- ... папке көтөргөн айыл өкмөтмүн дегендер азайды! Бири бирине кат жазып, бири бирине тапшырма берип, акимге отчет жазып эле отурушчу эле... Алардан үнөмдөлгөн акча да өзүбүзгө калыптыр, андан тышкары кошулган ар бир айыл өкмөткө 5би, же 10бу миллион сом Өкмөт Акылбек Жапаров бериптир дешти... Аны эми кандай ишке кетирсек деп "чоңдорубуз" ойлонуп атышат...

- Анда туура эле болуптур да?

- ... айттым го, байке, мен баягы эле айылда, баягы эле үйдө турам. Мен үчүн эч нерсе өзгөргөн деле жок. Кайсы айыл өкмөткө карап калдык, айырмасы деле жок. Айыл ичин болсо өзүбүз эле, акылдашып, нукка салып алганбыз, ынтымакта, Жаштар кеңеши бар, Аялдар коому, молдокебиз бар дегендей... Андан көрө, жазында айылга барып, бир козу жеп кетиңиз. Төл башы деп ырымдап жүрөбүз....

Ушундай экен айыл реформасы, туугандар!

Алмазбек Акматалиев, саясат талдоочу