КР ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалганын УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, 29-февралда УКМК Аскер прокуратурасы менен биргеликте ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери, милициянын подполковниги К.М.Кны 20 миң доллар пара талап кылып, анын 4 миң долларын алып жаткан учурда кармалды. Аны менен кошо бул кылмышка шектелип С.У.Ж. жана Т.А.С. аттуу жарандар дагы колго түшкөн. 

Алар көзбоемочулук фактысы боюнча кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп жана автоунаасын кайтарып берүүнү убадалап жарандан акча талап кылышкан. 

Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилди.