Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таалайбек Сарыбашев Архитектура, курулуш мамлекеттик агенттиги 2024-жылы Кемин, Сокулук районундагы жана Шамалды-Сай шаарчасындагы стадиондорду оңдоодон өткөрөөрүн эске салды.
Ошондой эле депутат Алай районундагы Гүлчө айылындагы стадион дагы аянычтуу абалда экенин билдирип, ага дагы көңүл бурууну тийиштүү кызматтарга сунуштады.
"Өз убагында ал аймактан футбол командасы чыккан, учурда жаштар дагы футбол ойноого кызыгып жатышат", - деди Сарыбашев.
Ал мүмкүнчүлүккө жараша райондорго көңүл бурууга чакырды.
"Камчыбек Кыдыршаевич Кыргыз футбол союзунун президенти болду. Ал бир катар стадиондорго капиталдык ремонт жасалаарын айткандан бери толук кандуу оңдоо жүргүзүлө турган объектилердин тизмеси жаңыланат деген үмүт пайда болду", - деди депутат.