Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева Лейлек районундагы иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушту.
Жолугушууда «Бир айыл – бир продукт» долбоору боюнча кеңири маалымат берилип, аталган багытта жасала турган иштер талкууланды.
Депутат Камила Талиева өлкөнүн өнүгүшү аймактардагы жетишкендиктерге көз каранды экенин белгилеп: «Борбордон алыс жайгашкан Лейлек районундагы калк турмушун жакшыртуу үчүн керектүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруубуз керек. Анын ичинен «Бир айыл – бир продукт» долбоору аркылуу экологиялык айыл чарба продуктуларын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүбүз кажет», – деди.
Ошондой эле талкуу маалында бир катар сунуш пикирлер айтылып, долбоордун алкагында аткарылчу иш-аракеттер тууралуу сөз болду.