Түркияда ТҮРКСОЙдун башкы кеңсесинде Барпы акындын Эскерүү жылынын расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу журналист Нургазы Анаркулов соцтармактагы баракчасына жазды.

"Барпы - дүйнөнү жүрөгү менен көргөн улуу акын!

"Кыргыздан чыккан Барпы ырчы

Кыйланы жеңген алп ырчы"- деп Байдылда Сарногоев же

"Сокур да болсо, сөзү бар.

Сөздөрүнүн көзү бар",- деп Т.Шабданбаев өз учурунда таасын белгилеп кеткен кыргыз элинин залкар акыны, айтылуу Барпы Алыкуловдун туулган күнүнө быйыл 140 жыл болот. Мына ушул мааракени утурлай, Түрк мамлекеттеринин маданий кызматташтык уюму, б.а ТҮРКСОЙ быйылкы 2024-жылды түрк дүйнөсүндө Барпы акынды эскерүү жылы катары жарыялаган. Бүгүн, 27-февралда, Анкара шаарында, ТҮРКСОЙдун башкы кеңсесинде Барпы акындын Эскерүү жылынын расмий ачылышы болуп өттү.

Анда ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев доклад жасап, акындын өмүрү, чыгармачылыгына кеңири токтолуп, Эскерүү жылынын алкагында боло турган иш чаралар тууралуу айтып берди. Эл аралык конференциялардан баштап, Барпы акындын чыгармачылыгына арналган төкмө айтыштарга күбө болобуз буюрса. Акындын эстелиги жасалып жатат, анын чыгармаларынын толук жыйнагы бүт уюмга мүчө мамлекеттердин расмий тилдеринде басылып чыгат. "Барпы Алыкулов - түрк адабиятынын феномени. Ашыглык ырларынын гимнин жазган акын. Эч бир акын, менин оюмча, сүйүүнүн бийиктигин, ал өзүнчө дүйнө экендигин Барпы акындай жаза элек"- деди С.Раев.

Иш-чарага ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү, КР Түркиядагы элчиси Р.Казакбаев, Жалал-Абад облусунун башчысы А.Сыргабаев, ошондой эле Сулайман Кайыпов баш болгон кыргыз, түрк илимпоздору катышып сөз сүйлөштү.

КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев элдин атынан Түрк мамлекеттеринин маданий кызматташтык уюмуна Барпы акындын чыгармачылыгына терең маани берип, бүт түрк дүйнөсүнө жайылтуу ниетине терең ыраазычылык билдирди.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Түркиядагы белгилүү илимпоз, доктор Кемал Гоз Барпы Алыкуловдун чыгармачылыгы түрк дүйнөсү үчүн орду өзгөчө кенч экендигин белгиледи.

"Барпы акын - баарыбыздын, бүт түрк дүйнөсүнүн акыны, анын чыгармаларынын даңазалоо биз үчүн сыймыктуу, ыйык милдет"- деп катышуучулардын бири айтып кеткендей, алп акыныбыздын өмүрүнө экинчи жашоо берген Түрк мамлекеттеринин маданий кызматташтык уюмуна терең ыраазычылык!" - деп жазды Анаркулов.