Биринчи май райондук соту эмгек, социалдык камсыздардынуу жана миграция министринин мурдагы орун басары Улан Чаначевди абакта калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган соттон билдиришти.
Маалыматка караганда, ал УКМКнын тергөө абагында ушул жылдын 29-мартына чейин кармалат.
Буга чейин Улан Чаначев УКМК тарабынан мыйзамсыз акча өндүрүү схемасын уюштурууга шектелип кармалган.
23-февралда МинКаб төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен ал министрдин орун басары кызматынан бошотулган.