Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимов коррупцияга айыпталып, издөө жарыялангандан бери анын мамлекеттик кызматтардагы байланыштарын үзүү аракети жүрүүдө. УКМК төрагасы Матраимовго байланышы бар 200дөн ашуун ар кандай даражадагы мамлекеттик кызматкерлер бошотулаарын билдирген, алардын айрымдары учурда кызматтан кетишти. Ошондой эле, Матраимов менен байланыштагы аткаминерлердин кызматтан кетиши коомчулук арасында Жогорку Кеңештин депутаттарын дагы тазалоо зарылчылдыгы бар деген пикирлерди жаратты. Мисалы, Матраимовдун бир тууганы Искендер Матраимовдун эл өкүлү болуп отурууга моралдык акысы жок дегендер кездешүүдө. 

Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов "Супер ТВ" каналына берген маегинде бул маселени бир тараптуу айтуу оор экенин, анткени депутаттар анын кесиптеши болоорун белгилейт. 

"Депутаттардын кимисинин Матраимовго тиешеси бар, кимисиники жок мен билбейт экем. Бирок бул мандат эл тарабынан берилгенин да эске алышыбыз керек. Анткен менен эгерде депутаттар арасында Матраимов менен байланышы бар, анын каржылык колдоосу аркылуу парламентке келген же аны менен бизнестик алакасы барлар болсо, бизди ыңгайсыз кылбай, өздөрү эле арызын жазып, мандатын тапшырып кетишсе туура болмок", - дейт Сулайманов.