Бишкекте 2009-жылы туулган Раяна Марукова жана 2012-жылы төрөлгөн Мусабек жана Исабек Маруковдор изделип жатат. Маалыматка караганда милицияга балдардын атасы кайрылып, 24-февралда балдары үйүнө кайтып келишпегенин билдирген.
Милиция дайынсыз болуп жаткан балдарды көргөндөр болсо, 0(312) 35-29-47, 0(777) 86-97-97, 0(700) 86-09-09, 0(773) 90-94-65 же 102 номерлеринин бирине кабар берүүсүн суранат.
Раяна Марукованын белгилери: бою 165 см, арык чырай, чачы күрөң
Кийген кийими: кара куртка, кара топу
Мусабек Маруковдун белгилери: бою 130 см, арык чырай, чачы кара
Кийген кийими: көк куртка (кызыл өңдөрү бар), боз топу
Исабек Маруковдун белгилери: бою 130 см, көк куртка (жашыл өңдөрү бар), көк топу