Чаначев Улан Белекович Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары кызматынан бошотулду.

Тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буга чейин  УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Улан Чаначев кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгени белгилүү болгон.