Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу (омбудсмендеринин) комиссиясынын биринчи Эл аралык конференциясына катышты.

Бул Комиссиянын чечими менен 2023-2024-жылдарга анын иш планы бекитилген, анда бул Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан сунушталган 37 иш-чара камтылган.

Комиссиянын 2023-2024-жылдарга иш планынын пунктун аткаруу максатында Казакстан Республикасы тарабынан уюштурулган видео-конференц-байланыш форматында “Балдардын абалынын улуттук мониторинги: жыйынтыктар, көйгөйлөр, перспективалар” аттуу Эл аралык конференциясы өткөрүлдү. 

Иш-чарага КМШга мүчө мамлекеттердин Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу (омбудсмендеринин) комиссиясынын мүчөлөрү: Өзбекстандын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, Казакстандын балдардын укуктары боюнча аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Армениянын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын, КМШ Аткаруу комитетинин өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрликтеринин, Улуттук статистика комитетинин өкүлдөрү катышты.

Талкуунун жүрүшүндө Асель Чынбаева “Кыргызстандагы балдардын укуктарын коргоо жаатындагы саясаттын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн улуттук инструменттери” тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле балдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн абалын баалоонун формалары жана методдору, баланын жакшырган кызыкчылыктарын коргоо - мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты жана баланын жакшырган кызыкчылыктарын коргоо жаатындагы башка маанилүү маселелер каралды.

Конференциянын катышуучулары улуттук мониторинг баланын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн өз убагында чараларды көрүүгө мүмкүндүк берген таасирдүү механизм болуп саналаарын белгилешти.

Иш-чаранын аягында катышуучулар жыйынтыктоочу документти - Резолюцияны кабыл алышты.