Бүгүн, 22-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов билим берүү, маданият тармагын, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ошондой эле жигердүү коомдук-саясий иши үчүн маданият жана билим берүү тармагынын өкүлдөрүнө «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл» юбилейлик медалын тапшырды.

Сыйлыктар акын, жазуучулар союзунун мүчөсү Бердибек Жамгырчиев, кыргыз тили жана адабиятчы мугалим Угилкан Орманова жана Кадыр Мамырасуловго берилди.