Казакстанда жол кырсыгына кабылгандар Кыргызстанга алып келингенин КР ТИМ маалымдады.
Анда айтылгандай, Кыргызстандын жарандарынын катышуусундагы кырсык 2024-жылдын 10-февралында Кызылорда облусунун Арал районунда болгон.
Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу жана Шымкент шаарындагы Ардактуу консулдугу жол кырсыгына кабылган КР жарандарын Шымкент шаарындагы кыргыз диаспорасы менен тыгыз кызматташтыкта мекенине ийгиликтүү алып келишти.
21-февралда Казакстан (Кордай) менен чектешкен "Ак-Жол - автодорожный" өткөрмө пунктунда жабыркаган мекендештер андан ары зарыл медициналык жардам көрсөтүү үчүн КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.