Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Элмурза Сатыбалдиев эмнеге балдарын мамлекеттик кызматка келтирбегенинин себебин айтты.
Эске салсак, жыйында кыргыз тилге байланышкан маселе каралды.
"Кыргыз тили элдин жардамы менен гана сакталат. Өлкөбүз көп улуттуу. 5 миллион кыргыздын 1 миллиону Россияда иштеп жашап жатышат. Тил саясатын жумшак жүргүзүү керек, радикалдуу аракет жасап, жарандарды мамлекеттик тилди үйрөнүүгө, сүйлөөгө мажбурлап, андай кылбагандардын колун кайруу туура эмес. Мен билим алып, орус тилинде сүйлөп, баарына жетиштим, ошол эле мандатка, генералдык чинге дагы, бирок кыргыз тили боюнча тестти В2 деңгээлинде тапшыра алам. Мен тилди үйрөнүү керек, мамлекетибиз Кыргызстан деп аталат дегенге макулмун. Ошондуктан бала бакчадан тартып анын жеке менчик түрүнө карабай кыргыз тилди үйрөнүүнү киргизүүнү сунуштайм. Анткени бала кезде тилди оңой үйрөнө аласың", - деди депутат.
Ошондой эле өзүнүн эки баласы чет өлкөдөн билим алышканын, аларга мамлекеттик кызматта иштөөгө жол бербегенин кошумчалады.
"Мен аларга убагында кыргыз тилди үйрөтпөгөнүм үчүн күнөөмдү моюнума алдым. Мамлекеттик кызматта жаңы гана иштеп башташканда, ал жактан чыгарттым, анткени карьерасында тил билбегени үчүн жылбай калышмак. Мен аларга тил үйрөнүп, мамлекеттик тил боюнча тест тапшырууга бир-эки жыл бердим", - деди Сатыбалдиев.