Бүгүн, 19-февралда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын футбол союзунун президенти болуп шайланды.
Ал уул-кызынын футбол жаатындагы ийгиликтери менен бөлүштү.
"Футболго мен кичине чагымдан тартып абдан кызыгам, ойноп жүрөм. Акыркы учурларда балдарым дагы футбол менен алектенип башташты. Эки улуу уулумду футболго 10 жыл мурда алып барганым эсимде. Бирок экөөнөн тең футболист чыкпады. Үчүнчү уулум гана профессионал футболист боло алды. Беш жылдан бери Испанияда, "Барселона" футбол клубунда ойнойт. Футболго 8 жашынан тартып бара баштаган, азыр 18 жашка чыкты. 9 жаштагы кичүү кызым дагы профессионалдык футбол менен алектенүүдө. Ал дагы Испанияда билим алып жатат. Андан дагы мыкты футболист чыгат деп ойлойм. Кыскасы, биздин үй-бүлө толугу менен футболго кызыгат. Негизи балдарды футбол академияларында, атайын футбол мектептеринде окутпасаң, эч убакта профессионал футболист боло алышпайт", - деген Камчыбек Ташиев "футбол - өлкөнүн престижи болоорун" белгиледи.