Бүгүн, 19-февралда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайланды. 

Ал өз сөзүндө кыргыз футболун эки жылдын ичинде жаңы деңгээлге көтөрүүнү убадалады. 

"Футбол бир гана спорттун популярдуу түрү эмес, ал өлкөнүн эл аралык макамын аныктай турган имиджинин көрсөткүчү", - деди ал. 

Ошондой эле, президент Садыр Жапаров Кыргызстанда футболдун өнүгүшүнө көңүл буруп жатканын белгиледи. 

"Кыргызстан футбол союзунун жетекчилиги менен жолугушууда биз пикир алышып, бар маселелерди аныктадык. Бүгүнкү күндө атамекендик футбол маанилүү этапта турат. Биз түп-тамырынан жана натыйжалуу өзгөрүүлөргө салым кошууга белсенип турабыз. Буга чейин мамлекет тарабынан бул маселеге жетиштүү көңүл бурулган эмес, бирок эми кыргыз футболуна каражат бөлүнүп, болгон колдоолор көрсөтүлөт", - деди Ташиев. 

Ал каражатты бөлүп коюу эле маселелерди чечип жибербешин, комплекстүү чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. 

"Биз бардык көйгөй дароо чечилип кетпешин, ага убакыт керектигин түшүнүшүбүз керек. Биринчи кезекте биз калыстардын, машыктыруучулардын жана башка адистердин квалификациясын көтөрөбүз. Ар бир райондо жана облуста материалдык-техникалык базалардын сапатын жакшыртабыз, ошондой эле стадиондорду жана машыгуучу аянттары куруу жана оңдоо иштери жүргүзүлөт", - деди Камчыбек Ташиев.