Бүгүн, 19-февралда Кыргыз футбол союзунун президентин шайлоо өттү. Ага жалгыз талапкер катары Камчыбек Ташиев сунушталган.

Жыйында Кыргыз футбол союзунун президентин шайлоо ачык добуш берүү менен өттү. Ташиев бир добуш менен футбол союзунун президенти болуп шайланды. Аткаруу комитети да шайланды. Алар 2026-жылдын апрель айына чейин иштешет.