Соцтармактарда кыргызстандык колдонуучулар Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун мандатын тапшыруусун талап кыла башташты. Бул анын бир тууган иниси Раимбек Матраимовго байланыштуу, көпчүлүк жарандар инисинин кылмыштары ачыкка чыккандан кийин агасы эл өкүлү болуп отурганга моралдык укугу жок деп эсептешет. 

"Кыргызстандыктардын талабы жүйөлүү десек болот. Искендер Матраимовдун дагы Раимбек Матраимовдун коррупциялык схемасына катыштыгы болгон эмес дегенге ишенчүлөр аз. "Оңой - олтоң" табылган байлыгы өзү эле айтып турбайбы. Жубайы Минавар Жумаева бир канча компаниялардын тең түптөөчүсү болуп эсептелинет. "

Эске салсак, УКМКнын кызматкерлери атайын кызматтын версиясы боюнча Матраимов менен жашыруун байланышта делген ар кансы рангдагы 226 мамкызматкерди аныктаган. 

Анын 85и Бажы кызматында иштешкен, 76сы бүгүнкү күндө кызматтан алынды. ИИМде 26 кызматкер аныкталып, анын 14ү бошотулду. Дагы жергиликтүү кеңештин алты депутаты мандатын тапшырды. Райондук мамадминистрациялардан жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу кызматтарынан 65 адам кызматтан ыргыды. Башка мекемелердин бир катар кызматкерлери дагы кызматынан кол жуушту. 

Раимбек Матраимовдун өзү тууралуу айта турган болсок, бүгүнкү күнү ал белгисиз жакта жашырынып жатат. Болжол менен Дубайда болушу мүмкүн. Анын үстүнө аталган шаарда аялынын наамына катталган бир нече кыймылсыз мүлкү бар. 2019-жылы журналисттер ал кездеги президент Сооронбай Жээнбековго Матраимовдун Дубайдагы мыйзамсыз алынган кыймылсыз мүлктөрү тууралуу маалыматты жеткиришкен, бирок президент "факты бергиле" дегенден башканы айткан эмес", - деп жазды бул тууралуу vb.kg.