Ош шаарында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовдун үй-бүлөсүнө тиешелүү үйдүн дарбазасына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мөөр басып кетти.

Учурда атайын кызматтын тергөөчүсүнүн колу коюлган мөөр кагаз дарбазада чапталып турат. Бул тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдирди. Үй Ош шаарынын Супаналиев көчөсүндө жайгашкан.

Январда Ош мэриясы Матраимовдун үйүнүн тосмолору мыйзамдуу аянтынан 9 метр чыгып кеткенин айтып, дубалдарын бузган. Анда Муниципалдык менчик башкармалыгы үйдүн тосмосу турган 9 метр жер мамлекетке тиешелүү экенин билдирген. Калаа бийлиги короону курчаган дубалды алуу тууралуу былтыр декабрдын аягында эскертүү бергени белгилүү болгон.

Январь айында УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу" беренесинин "Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө" бөлүгү менен айып коюлган.

Ал эми өткөн жумада атайын кызмат Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине алынганын билдирген.

Матраимов акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. Анын азыр кайсыл жакта экени белгисиз.

2021-жылы да УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.