Жогорку Кеңештин депутаттары 14-февралдагы жалпы отурумунда "Керемет банкты" (мурдагы "Росинбанк") Улуттук банктан Министрлер кабинетине сатуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл алды.
Мыйзам долбооруна ылайык, Министрлер Кабинети "Керемет Банктын" 97,45% акциясын Улуттук банктан 7 миллиард 126 миллион 432 миң сомго сатып алат.
Улуттук банктын жетекчисинин маалыматында, "Керемет Банк" 2020-жылды 1 миллиард сом чыгаша менен аяктап, 2021-жылды чыгашасыз жыйынтыктаган. 2022-жылы 360 миллион сом, ал эми 2023-жылы болжол менен 960 миллион сом киреше тапкан.
"Керемет Банк" - өлкөдөгү мамлекеттин үлүшү бар банктардын бири. 2010-жылга чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын тиешеси болгон "Азия Универсал Банктын" активдеринин негизинде "Залкар Банк" түзүлгөн. 2013-жылы бул банктын акциялары орусиялык ишкерлерге сатылып, аталышы "Росинбанк" деп өзгөртүлгөн.
2019-жылы "Росинбанктын" акцияларына Улуттук банк ээлик кылып, "Керемет Банк" деген аталыш ыйгарылган.