Депутат Талаайбек Сарыбашев парламент жыйынында ооруканаларда кезек күтүүлөрдүн көптүгүнө байланыштуу маселени көтөрдү.
Ал Ош облустук балдар ооруканасында кезекте 200-300 бала тураарын белгиледи.
"Биз журналисттерге жана блогерлерге медицинадагы көйгөйлөрдү чагылдырып турганы үчүн рахмат айтышыбыз керек. Оштогу балдар ооруканасында аймактардан келген 200-300 чакты бала дарыгерде кезекте турушат. Облустардагы медицинанын маселелерине көңүл бурулса жакшы болмок", - деди депутат.
Ошондой эле, ал саламаттыкты сактоо министри аймактарга барганда дарыканаларды ачып коюп эле кетип калаарын белгиледи. "Баланын ден соолугунан өткөн маанилүү нерсе барбы?" - деген депутат аларды дарылоого эмнеге татыктуу көңүл бурулбай жатканына кызыкты.
Сарыбашев саламаттыкты сактоо министрин парламент жыйынына чакырууну сунуштады.