Борбор калаанын милиция кызматкерлери 2,5 айдын ичинде интим кызмат көрсөтүү менен алектенген 1500 кызды аныкташты. 

2023-жылдын ноябрынан, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Кыргызстандагы интимдик кызмат көрсөтүүчү жайлардын баарын жабуу боюнча атайын тапшырмасынан кийин Бишкекте милиция текшерүү иштерин жүргүзө баштаган. 

"Профилактикалык иш чаралар башталгандан тартып милиция кызматкерлери тарабынан 1500 кыз аныкталып, райондук ички иштер бөлүмдөрүнө алынып келинген. Ал жактан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, алардын арасынан 97 кыз кайрадан милиция бөлүмүнө чакырылган", - деп билдирет Бишкек ШИИБ.  

Ошондой эле "Сойкулукка тартуу" жана "Сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө" беренелери боюнча 14 шектүүгө карата кылмыш иши козголду. Алар Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилген.