УКМК тарабынан Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри И.Б.Ш. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзам бузууларга барганы аныкталды. Анын уюшкан кылмыштуу топтун лидери маркум К.Асанбекке Чолпон-Ата шаарындагы 10 млн. сомдон ашык жер тилкесин берүүгө тиешеси бар болуп чыккан.
Аталган И.Б.Ш.нын үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал ок-дарылары да табылган.
Соттун чечими менен Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри И.Б.Ш. бир айга камакка алынды.
Белгилей кетсек, ушундай эле кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл району боюнча "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын филиалынын адиси М.Т.Б. кармалып, Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.