Бишкектин Свердлов райондук соту 10-февралда журналист, милиция кызматкерлери кармаган Эрмек Аттокуровдун бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. 

Маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы да ырастап, Свердлов райондук сотуна Аттокуровду үй камагына алууну Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын өзгөчө оор кылмыштарды тергөө боюнча тергөөчүсү өтүнүч келтиргенин билдирди. Журналистке 28-февралга чейин Бишкек шаарынан жана Сокулук районунан сыртка чыгууга чектөө коюлду.

9-февралда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Аттокуров Кылмыш-жаза кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен шектүү катары кармалганын кабарлаган.

Мекеменин маалыматы боюнча, милицияга аталган журналист башка дагы бир адам менен укук коргоо органдарынын кызматтык адамдарынан 1 миллион сом опузалап талап кылган деген маалымат түшкөн. Бул факты Чүй облустук милициясына катталып, кылмыш иши козголгон. 8-февралда Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Эрмек Аттокуров талап кылган сумманын 100 миң сомун алып жатканда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кабарлаган.