Ош облусунун Ноокат районундагы жүргүнчү ташуу менен алектенген жарандарды коркутуп акча талап кылгандар кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 22-январда Ноокат ИИБине 1989-жылы төрөлгөн С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Ноокат районунун С жана Ж аттуу жарандары Ноокат-Бишкек багыты менен каттаган таксисттерди райондогу борбор калаага кетүүчү жайга автоунааларын токтотуу үчүн акы төлөөнү талап кылышкан. Бул жүргүнчү ташуу үчүн "уруксат алуу" болоорун белгилешкен. 

Бул факты боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап акча талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. 

Ыкчам иш чаралардын негизинде таксисттерден 20 миң сом алып жаткан жеринен Ноокат районунун 1962-жылы төрөлгөн тургуну О.Ж. кармалды. 

Андан аркы тергөө иш чараларынын алкагында дагы бир шектүү -  Ош шаарынын 1992-жылы төрөлгөн тургуну А. уулу А. кармалды. 

Милиция учурда кармалгандардын уюшкан кылмыштуу топторго жана ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бары-жогу текшерүүдө.