Бишкек ЖЭБдеги штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюуда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн тиешелүү иштер бүгүн толугу менен аягына чыгарылды. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, 2-февралдан тарта ӨКМдин кызматкерлери ЖЭБдин ичиндеги жарылуудан аккан сууларды мотомпомпа менен сордуруу, курулуш кадыктарынан тазалоо жана ЖЭБдин имаратын жылуулоо ишин жүргүзүштү.

Мындан сырткары, атайы даярдыктагы куткаруучулар альпинисттик шаймандардын жардамы менен ЖЭБнин чатырын оңдоп-түзөө жана жабуу ишине көмөктөшүштү.

Коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар жеткирилип турду. Өрт чыккан ЖЭБнин аймагында изилдөө иштери жүргүзүлүп, Сыноо лабораториясы тарабынан өрттүн себептери аныкталууда.

2-9-февраль күндөрү ӨКМден жалпы 120 куткаруучу, 24 техника тартылган. Жеринде кызматкерлердин тамактануусу үчүн 10 чатыр жылынуу пункту катары даярдалган. Ал эми ЖЭБдин аймагындагы өзгөчө кырдаал режими азырынча алына элек.

Эске салсак, Бишкек ЖЭБде 2-февралга караган түнү жарылуу болгон. Кесепетинен беш жумушчу жабыркаган. Алардын экөө үй шартында дарыланып жатса, калгандары дарылануу үчүн президенттин учагы менен Түркияга жиберилген.