Бишкек – Ош жолунда кооптуу кар көчкүлөр түшүрүлгөнүн Өзгөч кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бишкек – Ош унаа жолунун 247 (Көчкүлүү булак тилкеси), 255 (Пельменный тилкеси) жана 250 (кызыл-Жар тилкеси) чакырымдарында кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иштери жүргүзүлдү. Жалпы 23 миң 230м3 кар көчкү түшкөн.
Министрлик белгилегендей, бүгүн дагы ошол эле аймактарда ,Чычкан капчыгайынан Ала-Бел ашуусуна чейинки аралыкта атып түшүрүү иштери улантылат.
ӨКМдин адистеринин ИИМдин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте кар көчкүлөрүн мажбурлап атып түшүрүү иштери 8-февралынан 12- февралга чейин Бишкек – Ош унаа жолунун 132-135 жана 198-255- чакырымында жүргүзүлөт.