Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанарбек Акаев ооруканада дарыгерге кол салган окуяга мамлекеттик деңгээлде көңүл буруу маселесин көтөрдү.

«Казакстанда дарыгерлерге кол көтөргөндөр 5 жылга чейин эркинен ажыратылат экен. Биз да ал кадамга барып, коомдо дарыгерледин кадыр баркын көтөрүүбүз абзел. Дарыгер 15 миң сомго жетпеген маянасына үй-бүлөсүн багуусу мүмкүнбү, аларга социалдык кепилдиктер да каралган эмес», - деди Жанар Акаев.   

Эске салсак, 2023-жылдын декабрь айынын аяк чегинде Улуттук госпиталда бейтаптын бир тууганы дарыгерге кол көтөргөн окуя катталган. Дарыгердин чачынан жулуп жаткан маалы видеого тартылып, соцтармактарда тараган. 

Бүгүн Улуттук госпитал медициналык кызматкерлердин коопсуздугун сактоо максатында жеке менчик кайтаруу агенттигинен кызматкерлерди алууга ниеттенип жатканын билгилүү болду.