Ошто Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан гашишти сатууга шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка караганда, аталган кызматка Ш. аттуу жаран Ош жана Баткен облусунун аймагында баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенери тууралуу маалымат келген. Бул маалымат маалыматтар журналына катталган.
Аял көп убакыттан бери баңгизаттарды таратуу менен алектени аныкталган. Ал Баткен облусундагы мектептердин биринде мугалим болуп иштейт.
Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен УКМКнын Чек ара кызматы биргеликте шектүүнү 1 кг афган тектүү гашишти сатууга аракет кылып жатканда кармаган.
Учурда кылмыш иши козголуп, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.