Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенттигине талапкер катары көрсөтүлгөнүн аталган союздан билдиришти. 

Анда айтылгандай, бир күн мурун Шайлоо комитетинин жыйыны болуп, анда КФСтин президенти, биринчи вице-президенти, вице-президенти жана вткаруу комитетинин мүчөлүгүнө болгон шайлануучу кызмат орундарына талапкерлердин баштапкы тизмеси каралып, бекитилди.

Талапкерлерлик үчүн арыздар 5-февралга чейин кабыл алынган.

Кыргыз футбол союзунун Шайлоо кодексине ылайык, анын бир мүчөсү бош кызмат орундарына бирден гана талапкер көрсөтөт. Кыргыз футболдук союзунун президенттик кызматына бир гана талапкер - Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич көрсөтүлдү. Аны "Талант" футболдук клубу сунуштады.

Ал эми алдыда, 19-февраль күнү "Novotel" отелинин жыйындар залында КФСтин 2024-жылкы кезексиз конгресси орун алып, анын жүрүшүндө жетекчиликтин жаңы курамы шайланаары белгилүү болду.