Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бардыгынын бир мисалы катары Караколдогу аскер кызматкеринин ачык кайрылуусун белгиледи.
"Эгерде Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укугу жок болсо, анда ушул аскер айым эфирден түздөн-түз кайрылуу жасап чыкпайт эле. Азыр аскер прокуратурасы бул боюнча дыкат иш алып барууда.
Жыйынтыгы жарыяланат. Мындай мисалдар бизде көп. Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет", - деп жазды мамлекет башчы соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, Чек ара кызматынын Каракол шаарындагы 2028-аскер бөлүгүнүн кенже сержанты Жылдыз Асанакунова соцтармак аркылуу президентке видео кайрылуу жасап, аскерлерге жасалган мыйзамсыз иштер тууралуу айткан.
"Аскер бөлүгүндө мыйзамсыз иштер болуп келатат. Жоокерлерге зомбулук көрсөтүлөт, көзү кыйшайып, колу-буту сынып калганга чейин барып атат. Аны жаап-жашырышат. Ачык айтып чыксам, коркутууларды жасашып, жеке жашоомо чейин кирип жаман сөздөрдү айтып жатышат. Иш ордумду да кыскартышты. Жоокерлердин ата-энелери билбейт, билишсе катуу ызы-чуу чыгат", - деген Асанакунова ага чейин аскер бөлүгүнүн командирине, прокуратурага кайрылуу жасаганын, бирок канааттандыраарлык жооп ала албаганын белгилеген.
Бүгүн УКМК Асанакунованын кайрылуусундагы маалыматтар боюнча текшерүү иштери жүргүзүлгөнүн, бирок алар тастыкталбаганын билдирген.