Мамлекеттик салык кызматы тарабынан өткөрүлгөн “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын 21 катышуучусунун утушу жокко чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Анда айтылгандай, 2023-жылдын 25-30-декабрында өткөн кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын жыйынтыгы боюнча 1 244 баалуу байгенин жеңүүчүлөрү аныкталган.

Лотереянын шарттарына ылайык, утуш аяктагандан кийин ведомстволор аралык байкоочу комиссия жеңүүчүлөрдүн лотереяга катышуу эрежелерин сактагандыгын текшерет. Анын жыйынтыгында 21 катышуучу лотереянын талаптарын бузгандыгы аныкталган.

Катышуучулар кызматкер катары катталган уюмдун контролдук-кассалык чектерин сканерден өткөргөндүгүнө байланыштуу, утуштары жокко чыгарылды.

Эскерте кетсек, “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабы 2023-жылдын 25-30-декабрында өткөрүлүп, жыйынтыгында 1244 баалуу байгенин, анын ичинде 10 батирдин, 11 электромобилдин жана Дубайга эки кишилик 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталган.

Салык кызматы жакында байгелерди тапшырууну баштайт.

МСКдан байгелерди алуу акысыз экендигин билдиришип, шылуундарга алданып калбоого чакырат.

Утуштары жокко чыгарылгандар:  Садырбаева Назгуль Касымкуловна, Эльмуратова Гулмира Джамалетдиновна, Улукбеков Сыймык Канатбекович, Асилбек уулу Самат, Каныбек кызы Жаңыл, Абдиева Нургүл Төлөбековна, Поповичев Александр Иванович, Баитов Арзымат Кыдырович, Калмуратов Авазбек Маматович, Асылбекова Арсар Асылбековна, Бекназар кызы Бегимай, Джумалиев Руслан Джайлообекович, Болотова Алтынай Эриковна, Абдираимова Токтобүбү, Тениева Назиза Камаловна, Шайдылдаев Бекболот, Жамалдинов Иманберди Нурзатбекович, Садырбаева Бүбүайша Зарылыковна, Насиров Мунарбек Алидинович, Абдимомунжон уулу Собиржон, Мураткулов Мыктыбек Бактыярович.