23-январда Жогорку Кеңештин комитети "Коммерциялык уюмдар жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүү киргизген мыйзам долбоорду экинчи окууда жактырды. Буга чейин өткөн жылдын октябрь айында парламент бул мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. 

Коргоо жана коопсуздук боюнча эксперт Динмухамед Алмамбетов аталган мыйзам долбоорунда  НПОлордун укугун бузган учурлар жок.

"Албетте, текшериш керек. Негизи коммерциялык эмес уюмдардын каржы жааты  абсолюттук түрдө ачык болушу керек. Анткени сырттан каржылануунун өзү кылмыш болуп эсептелинет. Биз сөз менен гана укпай, башка өлкөлөрдөн каржылангандар көбүнесе мамлекеттүүлүктүн жана мамлекеттин системалуу жашоосун үзгүлтүккө учуратуу максатында иш алып бараарын көзүбүз менен көрүп жатабыз. Мен мында Жогорку Кеңешке сунуштагым келет: коммерциялык эмес уюмдардын арасында ички, улуттук, өлкө кызыкчылыгын колдогон, өлкө кызыкчылыгына иштеген уюмдар да бардыгын унутпаш керек", - деди эксперт.