Бүгүн, 6-февралдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Элдик Курултай тарабынан шайланган жана Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына сунушталган Алыбаев Таалайбек Джуманазаровичтин талапкерлиги каралып, колдоо тапты.
Жыйында баяндама жасаган Элдик Курултайдын катчылыгынын жетекчиси Мыктыбек Абдылдаев маалымдагандай, Таалайбек Алыбаев Элдик Курултай тарабынан шайланып, Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин курамына сунушталууда.
Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова Таалайбек Алыбаевдин кесиптик тажрыйбасын белгилеп, судьяларды тандоодо алардын ак ниеттүүлүгүнө көңүл буруу керектигин кошумчалады. Ал эми эл өкүлү Дастанбек Джумабеков Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин иши жоопкерчиликтүү экенин айтып, бул жаатта Элдик Курултайдын делегаттарынын ишенимин актоо керектигин билдирди.