Буга чейин үч жолу Кыргызстанда жана бир ирет Түркияда болуп өткөн Көчмөндөр оюндары 8-14-сентябрь күндөрү Астанада өтөт. Ага байланыштуу Астана мэриясы масштабдуу иш-чарага даярдыгы тууралуу маалымат берди. 

Ага таянсак, оюндар спорт, маданият, илим болуп үч багытта өтөт.

Спорттун 20 түрү боюнча 110 комплект медаль ойнотулат.

Көргөзмө программасында этникалык спорттун 10 түрү камтылган.

Оюндар “Астана-Арена” стадионунда, Үчкемпиров атындагы менчик сарайында, “Алау” муз аянтчасы орун алган жайда, “Казакстан” жеңил атлетика спорттук комплексинде, “Думан” мейманкана комплексинде жана “Казанат” ипподромунда өтөт

Ат майдандын аймагындагы 10 гектар жерге “Көчмөндөр ааламы” этноайылы ачылып, маданий программалардын аянтчасы болот

Ага 1000 ыктыярчы тартылат.