Бишкекте кармашып урушуу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөөрүн Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, чемпионат 17-18-февраль күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, ага өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

кыз-келиндер арасында — 48, 53, 58, 64, 70, +70 кг;
эркектер арасында — 57, 62, 67. 73, 80. 88, 97, +97 кг.